Жикчил Абхазиянын парламенти президентти кызматтан кетүүгө чакырды

Сухуми, 9-январь 2020-жыл

Грузиянын өзүн Абхазия жумурияты деп атап алган жикчил аймагынын парламенти президент Рауль Хажимбаны кызматынан кетүүгө үндөдү. 9-январда кабыл алынган токтомдо мындай кадам татаал коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу жана туруксуздуктун алдын алуу үчүн кабыл алынууга тийиш экени айтылат.

Ошол эле күнү оппозициялык митингдин катышуучулары Сухумиде президенттик администрациянын имаратын эллеп алышкан.

Алар сентябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, Хажимбанын кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Шайлоодо азыркы президент атаандашы Алхам Квиницияны бир жарым процент добуш менен жеңген. Квиниция Хажимбанын жеңишин тааныбасын айтып, сотко кайрылган. Бирок анын арызы четке кагылган. Бейшембиде ал чечимге каршы апелляциялык арыз Жогорку сотто каралмак. Сотттун жыйыны белгисиз мөөнөткө жылып калды.

Абхазиянын бийлиги нааразылык акциясын "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп сыпаттады. Хажимба элди тынчтыкка үндөп, керек болсо өзгөчө кырдаал киргизүүгө даяр экенин билдирди.