Өкүлдөр палатасы Трамптын аскердик укугун чектеди

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президенттин Иранга каршы аскердик акция жүргүзүү укугун чектеген резолюцияны жактырды. Сунушту дээрлик бардык демократтар колдоп, республикачылар каршы добуш беришти.

Демократтар үстөмдүк кылган палатадагы көпчүлүк мыйзам чыгаруучулар ирандык таасирдүү генерал Касем Сулейманини өлтүрүүгө кандай негиз болгон деген Ак үйдүн түшүндүрмөсүнө анча ынанбай турушат.

Буга чейин спикер Нэнси Пелоси генералдын өлтүрүлүшүн «чагымчыл сокку» деп атаган.

Документке ылайык, мамлекет башчы АКШнын куралдуу күчтөрүн «Иранда же Иранга каршы согуштук аракеттерде колдонууну токтотууга тийиш». Доналд Трамп ошондой эле андай аракеттерге Конгресс менен кеңешүүдөн кийин барууга милдеттүү делинет.

Пелоси Конгресс аткаруучу бийликти көзөмөлдөө вазийпасын аткарып, америкалыктардын коопсуздугун камсыздап жатат десе, республикачылар мындай кадам тескерисинче АКШнын коопсуздугуна зыян келтирет деген пикирин айтышат.

Сөз болгон резолюция Сенат колдосо гана аткарууга милдеттүү болмокчу. Бирок жогорку палатаны Трамптын республикачыл тарапташтары көзөмөлдөгөнүн эске алуу менен, документ өтпөйт деп болжолдосо болот.

Добуш берүү Иран АКШ баштаган коалиция күчтөрү жайгашкан Ирактагы базаларга ракета аткандан эки күндөн кийин болду.

Вашингтон менен Тегерандын тиреши 3-январда америкалык аскерлердин соккусунан Ирандын тандалма "Кудс" күчтөрүнүн кол башчысы Сулеймани каза тапкандан кийин ого бетер курчуду.