Чек ара кызматы Баткендеги чатак тууралуу маалымат берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматы 9-январдан 10уна караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк деген жеринде саат 00.40та белгисиз адамдар кыргыз жаранынын Баткен шаарына бараткан автоунаасын таш менен ургулашканын билдирди. Белгисиз адамдар андан соң Тажикстандын аймагына из жашырып кетишкен. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, машинеде отургандардын арасында жабыркаган кыргыз жарандары бар. Автоунаанын арткы жана каптал айнектери сынган.

Мекемеден алынган маалыматка караганда, болжол менен бир сааттан кийин Тажикстандын жарандары Көчө-Карын деген жерде Баткенден Көк-Таш айылына бараткан башка бир кыргыз жаранынын машинесин да таш менен ургулашкан. Натыйжада анын алдыңкы айнеги талкаланган.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, болжол менен түнкү саат 02:40та Тажикстандын жарандары Дахма тилкесиндеги Кыргызстандын жаранынын үйүнө таш ыргытышкан. Кыргызстандык жарандын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кошо бараткан чек арачыларга Тажикстан тараптан майда калибрдүү мергенчи мылтыктан ок атылган. Мекеменин маалыматына караганда, ок тажик тараптан гана маал-маалы менен атылып жатат. Баткен облусунда жайгашкан чек ара түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууда.

Тажикстандын расмий органдары бул окуя тууралуу түшүндүрмө бере элек.