Cот жараянды Атамбаевсиз өткөрүүнү чечти

Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилген учуру. 29-ноябрь, 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жаткан соттук отурумдан айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кезектеги жолу чыгып кетти. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, соттук отурумдун башталышында Атамбаев залдан чыгууга аракет кылган. Бирок сот приставдары ага тоскоолдук кылышкан.

Слесарев буга карабай мурдагы президент залдан чыгып кеткен соң, ишти карап жаткан судья соттук жараянды Атамбаевсиз өткөрүү боюнча чечим кабыл алган.

- Сот Алмаз Шаршеновичти залдан чыгаруу жана жараянды анын катышуусуз өткөрүү боюнча чечим чыгарды. Муну менен сот ишти улантуу боюнча абалдан чыгуунун жолун тапты деп түшүндүм, - деди Слесарев.

Буга чейин адвокаттар сотту Атамбаевсиз өткөрүүнү сунуш кылышкан. Сот өтүнүчтөрдү четке каккан болчу.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук процессти УКМКнын имаратында өткөрүү жөнүндө былтыр 19-декабрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чечим чыгарган.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, буга прокурорлордун өтүнүчү себеп болгон. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү тууралуу сунуш киргизишкен.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иш былтыр 15-октябрында башталган. Алмазбек Атамбаев иш боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн баш тартып, катышкан эмес. Кийин соттук териштирүүгө да келбей, жактоочулары аркылуу сотту ансыз эле өткөрө берүүгө макул экенин билдирген. Ал сотко бир гана жолу - 29-ноябрда жеткирилген.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Сөз болуп жаткан иш боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (BkA)