Алимбаев: Кыргыз-казак чек арасында биз тараптан тоскоолдук жок

«Ак-Тилек» чек ара бекетинде казак тарапка кезек күтүп турган автоунаалар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинен өтүүдө кыргыз чек арачылары тарабынан эч кандай тоскоолдук болгон жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев билдирди. Анын айтымында, бул бекетте жүк ташуучу машинелердин кезеги пайда болгондон тартып өз тарабынан коңшу өлкөнүн чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

- Учурда чек арачылар тарабынан эч кандай тоскоолдук жок. Штаттык эле тартипте машинелер кирип-чыгып жатат. Ал эми кезектин көп болуп калганы боюнча Казакстандын Чек ара кызматынан сураганыбызда бул өлкөнүн Киреше боюнча комитети текшерип жатканын айтышты, - деди Алимбаев.

Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 100дөн ашык жүк ташуучу машиненин кезеги пайда болгон. Муну айдоочулар Казакстан тараптан текшерүү күчөгөнү менен түшүндүрүшкөн.

Ошол эле кезде мамлекеттик органдардагы атын атагысы келбеген булак чек арадагы кезектин жаралыш себебин башкача түшүндүрдү. Андагы маалыматка ылайык, Казакстандын аймагы аркылуу өткөн жүк ташуучу автоунааларга коңшу өлкөлөр электрондук пломба талап кылып жатышат. Электрондук пломба менен жабдылбаган машинелер кайра чыгып, учурда кезек жаратууда. Буга кошумча Казакстандын күнүмдүк керектелчү товарларга транзит үчүн акыны жогорулатканы себеп болууда.

Учурда өкмөт чек арада кезек күткөн машинелер азайганын кабарлады. (BkA)