Помпео Касем Сулайманини жок кылуу операциясын коргоду

Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани «Багдадга дипломатиялык миссия менен келген» деген маалыматты четке какты. Ал 7-ноябрда Ирандагы соңку окуяларга байланыштуу өткөргөн брифингде Сулейманини «америкалыктарга каршы чабуул уюштурууга кам көрүп жүргөн» деп айыптады жана аны «жок кылуу операциясы туура болгон» деп билдирди.

Помпео Иран бийлигин ошондой эле «Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратып жатат» деп сындады. Ал Тегеранды «талибдер баштаган куралдуу топтор менен байланышы бар» деп белгиледи.

Иран бийлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ал арада Ооганстандын президенти Ашраф Гани «Твиттердеги» баракчасына чөлкөмдөгү соңку кырдаалды Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер менен талкуулаганын жазды.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн тартып курчуп кетти.

Генерал 3-январда Ирактын Багдад шаарында аба майданынын жанында америкалык авиациянын соккусунан набыт болгон. Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткен. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктарга кол сала турган болсо Кошмо Штаттар Ирандын 50дөн ашык объектисине, алардын арасында маданий жайларга «өтө чукул жана өтө кубаттуу сокку урууга даяр турат» деп опузалаган.

Ал арада АКШнын коргоо министри Марк Эспер Кошмо Штаттар Ирандын маданий жайларына сокку урбай, согуш, куралдуу кагылыштар тууралуу мыйзамды бузбай турганын айтты.