Трамп Багдаддагы нааразылык боюнча Иранды айыптады

АКШ элчилигинин алдындагы кырдаал, 31-декабрь 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы Америка элчилигинин алдындагы нааразылык боюнча Иранды айыптады. Ал Кошмо Штаттар 29-декабрдагы Ирактагы шиит жоочуларына каршы аба соккулары менен америкалык аскердик өлүмүнө жооп гана кайтарганын белгиледи.

“Эми Иран АКШнын Ирактагы элчилигине чабуул уюштуруп жатат. Алар буга толугу менен жооптуу болот. Буга кошумча Ирактын күчтөрү элчиликти коргойт деп күтөбүз”, - деп жазды Трамп “Твиттердеги” барагына.

Вашингтондун аба соккуларына каршылык билдирген миңдеген адамдар 31-декабрда АКШнын Багдаддагы элчилигинин алдына топтолуп, алардын бир бөлүгү имаратка кирүүгө аракет кылышты. Ирактын коопсуздук күчтөрү митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Интернетке жарыяланган видеолордон элчиликтин аймагынан коюу түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

29-декабрда Кошмо Штаттар Ирак менен Сириядагы Иран колдогон "Катаиб Хезболла” аттуу жоочулар тобунун позицияларына абадан сокку урган. Андан ирактык шииттерден турган бул топтун 25 мүчөсү мерт болгон.

Америка тарап билдиргендей, буга чейин “Катаиб Хезболла” кошууну Киркук шаарындагы коалициялык күчтөрдүн аскер базасына ракеталык чабуул койгондо АКШнын бир жоокери курман болуп, төрт америкалык жана эки ирактык аскер жараат алган.