Ирак: митингчилер АКШ элчилигине кирип барганы кабарланууда

АКШнын Багдаддагы элчилигинин алдындагы кырдаал, 31-декабрь 2019-жыл.

Ирактын баш калаасы Багдадда Вашингтондун аба соккуларына нааразылык билдирген жүздөгөн митингчилер АКШнын элчилигине кирип барышканы кабарланууда. Бул тууралуу "Reuters" жаңылыктар агенттиги Ирактын Тышкы иштер министрлигиндеги булактарына таянып жазып чыкты.

"Associated Press" жаңылыктар агенттиги элчиликтин дарбазасы талкаланганын, ок атуунун добушу угулуп жатканын кабарлады. Интернетке жарыяланган видеолордон элчиликтин сырткы дубалдарынын бир тарабында өрт чыкканын көрүүгө болот. Багдаддагы элчиликтин кызматкерлери жана АКШнын Ирактагы элчиси коопсуз жайга көчүрүлгөнү белгилүү болууда.

29-декабрда Кошмо Штаттар Ирак менен Сириядагы Иран колдогон "Катаиб Хезболла” аттуу жоочулар тобунун позицияларына абадан сокку урган. Андан ирактык шииттерден турган бул топтун 25 мүчөсү мерт болуп, 50гө чукулу жараат алган. АКШ бул топ чөлкөмдөгү америкалык аскерлерге коркунуч жаратканы үчүн бутага алынганын жүйө келтирген.

Ирактын бийлиги аба соккулардан кийин Кошмо Штаттар менен мамилесин "кайра карап чыгаарын" билдирген. Иран Ирак менен Сириядагы баш-аягы беш жайга урулган аба соккуларын "кабыл алынгыс" деп мүнөздөгөн.