Москвадагы мигрант өз ишинде мыкты деп табылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

24 жаштагы Бекзат Жолдубай уулу 6 жылдан бери Москвада иштейт. Учурда курьер болуп иштеген Бекзат декабрдын башында москвалык белгилүү блогер, ютубер Алексей Кузьминдин сынагында 20 миң рубль утушка ээ болуп, аны «айылдагы ата-энеме жиберем» деп чын жүрөктөн айткан жообу Интернет колдонуучулардын сүймөнчүгүнө айланган.