Соңку бир апта ичинде Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны 5,5% өстү. Бул тууралуу 31-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү кабарлашты.
Ооругандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар.
Министрликтин маалыматына караганда, жалпысынан эпидемиологиялык абал туруктуу, сысык тумоологондордун саны адатта ушул мезгилде көбөйүп турат.
Бишкектеги Жугуштуу илдеттер ооруканасы 400 орунга эсептелген, алардын баары учурда толуп, батпагандар коридордо жатат. Бирок баары тең тиешелүү медициналык жардам алууда. (RK)