Жалал-Абадда беш күндөн бери дайыны табылбай жаткан тургунду издөө иштери туугандарынын макулдугу менен токтотулду.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 26-декабрда Чүйүт-Сай айылынын 27 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.
30-декабрда издөөнү улантуу үчүн 15 куткаруучу, беш милиционер жана жергиликтүү тургундардан 10 киши тартылган. Натыйжа болгон жок. Туугандарынын катынын негизинде издөө иштери токтотулду. (RK)