Алмазбек Атамбаевдин соту 9-январга жылды

Алмазбек Атамбаев, июль, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соту 9-январга жылды. Адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, күбөлөрдүн биринин ден соолугуна байланыштуу берилген өтүнүчтөн улам отурум кийинкиге которулду.

Атамбаевдин соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жатат. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун келтирген.

Адвокаттардын соттук отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Мындан кийинки отурум да УКМКда болору айтылды.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш боюнча мурдагы баш прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагында камалган. (SE)