«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Марлен Чоробеков жиберген экинчи сунуш. Сынакка келген макалалар менен бул жерден тааныша аласыз.
Эң оболу коррупция деген түшүнүктү кандай кабылдайбыз? Сөзүмдү ушундан баштоону туура деп чечтим. Калкыбыздын жөнөкөй катмарына коррупция - десе эле, тигил же бул мамлекеттик кызматкерге ишин бүтүрүү үчүн берилген пара же башка материалдык баалуулук тууралуу ойго алып келет.
Ал эми мамлекеттик кызматты аркалап, мамлекеттик системанын тилин толук баамдаган адамга коррупция башкача өңүттө кабылданат. Алсак, мамлекеттик мүлктү же мамлекетке келүүчү пайданы кандайдыр бир жол менен жеке пайдасына буруу же болбосо жеке пайдасына дайыма келип туруучу киреше жолу катары сыпатталат.
Эми коррупцияны юридикалык тилде талдасак, "Коррупция - бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун" деп "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамда жазылган.
Жыйынтыгында коррупция – бул мамлекеттик мүлктү ар кандай жол менен уурдоо. Ал эми мамлекеттик мүлк - бул жалпы элдин ырыскысы, демек бардык коррупциялык жосун жалпы элдин ырыскысына кол салуу дегенди тастыктайт.
Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү? Ушул суроолорго жооп берип көрөлү.
Дүйнөлүк тажрыйбаларды алсак, өтө чоң деңгээлде коррупциялашкан мамлекеттер тез эле убакытта аталган терс көрүнүштү эң төмөнкү деңгээлге түшүрүп жүргөндүгү маалым. Демек, бул жагдайды биздин мамлекетте болушуна толук мүмкүн экен деген илгери үмүттү таштай туралы.
"Буга эмне тоскоол болуп жатат?" деген суроо менен жүрөктү өйүйт.
Биринчиден, эгемендик алгандан бери кыргыз эли өз киндигин өзү кесип, бири сыртта иш кылса, бири ичте тыбырап жан бакканга үйрөндү. Ушул жан багуунун айынан эл жумушта болобу, коомдо же каякта болбосун оңой жана бат баюнун жолун өздөштүрдү. Ошол өздөштүрүүнүн арасында коррупциянын ар кандай жолдору, схемалары ойлоп табылды. Алсак, ошол мезгилден бери бажы, салык, энергетика, жол куруу жана кен тармагында болуп көрбөгөндөй чийеленген схемалар иштей баштады. Бул схемалар бири токтосо, бири артынан келип туруучу ажыдаар сыңары түзүлүп, бийлик бутактарын бирин сала бирин байлап тураары анык болду. Андыктан бул жети баштуу ажыдаар болгон схемалар жоюлмайын, келечекке үмүт артуу өтө оор нерсе.
Экинчиси - жогорку бийлик адамдары айтып келгендей жана бүгүн дагы бул тема актуалдуу болуп, коррупция менен күрөшүүдө тоскоол болгон урук-туугандык, жоро-жолдоштук жана куда-сөөктүк маселе. Бул эмнени түшүндүрөт? “Платон мага дос, бирок чындык андан дагы жогору” деген түшүнүк келмейинче жана бул багыт алган жолдо калыстык болмоюнча эч качан бул иш үзүрүн бербегени бербеген.
Үчүнчүсү - бул тарбия маселеси. Жогоруда айтып өткөндөй, 25 жыл аралыгында кыргыз эли "балам, өз жаныңды баксаң болду, кандай жол менен бирөөгө зыян же туура эмес болсо да мейли" деген тарбияда болгон эл катмары, турмушта жалаң гана өзүн ойлоп калат тура. Балага жаш күнүнөн мамлекетти, элди жана жерди сүйүү, эч качан бирөөнүн ырыскысына көз артпоо, уурулук эң жаман сапат экендигин мээсине куюп тарбиялаган адам кийин эч качан уурулукка барбайт деп ишеничтүү айта алабыз.
Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын камсыз кылса болот, бул жерде болгону тандалма эмес, бардык башкаруу системасына колдонуу зарыл. Ошол эле бажы, салык, энергетика, жол куруу жана кен тармагында бир дагы көмүскө эч нерсе калбашы керек. Жалгыз гана 5-6 мамлекеттик органдарды ачык-айкындуулук бар деп, ал эми калган “керектүү жерлерди” кийинкиге калтыруу бул чоң күмөндү туудурат.
Корррупция менен күрөштө мамлекеттик бийлик кара кылды как жарган калыстык принцибин колдонушу керек. Себеби элде айтылып келгендей, "бир тоок уурдаган соттолот, ал эми миллиондорду уурдаган оңой кутулат". Анткени, калыстык менен ар ким уурдаган өлчөмүнө жараша жана келтирген зыян кесепети боюнча жазасын алса, анда жалпы коомчулукта ишеним пайда болоору шексиз.
Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү деген маселе боюнча оюм төмөндөгүдөй.
Ыйман маселесин ала турган болсок, адам ыйманды көбүнчө сөзү менен эмес, иши менен көрсөтсө, ал өз жемишин жакшыраак берээри айтылат. Ушул сыңары, коррупция менен күрөшүү бул жалаң гана билдирүү же болбосо реклама мүнөзгө айланбашы керек. Туура, кандайдыр бир деңгээлде маалыматты элге жарыялоо жакшы, бирок анын жыйынтыгы андан маанилүү экени унутулбашы керек.
Сөзүмдү жыйынтыктап, жемкорлуктан арылуу жана жолдорун жалпылап кетсем.
"Үмүтү жок бир шайтан" дегендей болбой, эң оболу алдыга карай жакшы ниет кылалы. Андан кийин дагы бир жакшы нерсе катары мурунку жылдарга салыштырмалуу жаштар билимге көбүрөөк аракет кыла башташты.
Мындан сырткары элдин көзөмөлү жылдан жылга кескин күчөп баратат.
Ушуларды эске алуу менен, коррупциялык схемаларды чечкиндүүлүк менен талкалоо, коррупция менен күрөштө калыстык мамиле кылуу жана коомго жеткиликтүү маалымат берүү, жаштарга туура тарбия берүү менен гана биздин коррупция менен күрөшүү ишибиздин акыбети болот дегенге терең ишенич бар.
Марлен Чоробеков, Нарын шаары.
Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт.