Президент бюджет тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын «2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжол жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамды парламент 28-ноябрда кабыл алган. Ал мыйзамда 2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд. 710 млн. сом, чыгашалары 173 млрд. 663 млн. сом, таңсыктыгы 9 млрд. 953 млн. сом суммасында жактырылган. Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңеш 28-ноябрда беш жылга байланыштуу бюджеттик үч мыйзамды бир кабыл алган. Бюджеттин 2018-2019-жылдардагы аткарылышы, 2020-жылга планы жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө экинчи окууга келген документтер ошол эле күнү үчүнчү окуудан да өткөн. Мындай чукул кабыл алуу тартибинин мыйзамсыз экенин айткан депутаттардын пикири эске алынган эмес. (TSh)