Текебаев-Чотонов соту: күбөлөр көрсөтмө берүүдөн качууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча сотто көрсөтмө берүү үчүн кезек мамлекеттик айыптоочу тараптын күбөлөрүнө келди. Бирок мурда эки саясатчыга каршы көрсөтмө берген күбөлөр ар кандай шылтоолор менен сотко келбей, "Кыргызстандагы коомдук-саясий абалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу" деген негиз менен кайра көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканы белгилүү болду.