Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Өзбекстандагы шайлоо. Ташкен шаары.

Бул парламенттик шайлоо - президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден берки алгачкы шайлоо.

2016-жылы мамлекет башына келгенде Мирзиёев реформаларды жүргүзүүгө убада берген.

Бүгүнкү шайлоого беш саясий партия катышууда. Шайлоо "Жаңы Өзбекстан - жаңы шайлоо!"деген ураандын алдында өтүп жатат.

Учурда парламентте Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясы 52 орунду ээлейт, бул 150 мүчөсү бар Олий Мажлистеги эң көп орун. Андан кийин "Милли Тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу") партиясы 36 орун менен турат.