Атамбаевдин адвокаттары "кырмызы баштык" боюнча суракка чакырылган

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев 13-декабрда жана 17-декабрда Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакырылган.

Прокуратура маалымдагандай, учурда Аскер прокуратурасы тарабынан ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун 7-8-август күндөрү Кой-Ташта кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөө иштер жүрүп жатканына байланыштуу жактоочулар күбө катары сурак беришет.

"Тергөөдө аныкталгандай, Курсан Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүп алып, анын жансакчысы Канатбек Сагынбаевдин колунан кызыл баштыкты алып, анын ичиндеги маанилүү документтерди алып, аларды өзүнүн жансакчысы Дамирбек Пайзилда уулуна Раиса Атамбаевага жеткирүү максатында берген.

Ал эми ичинде анча маанилүү эмес документтер салынган кырмызы баштык адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге берилген.

Жоошев коомчулукту жана тергөөнү алдоо үчүн соцтармактагы баракчасына баштыктын сүрөтүн жарыялап, анын ичинде эч кандай маанилүү документтер болбогонун айтып чыккан. 15-августта Аскер прокуратурасынын чечими менен Сергей Слесаревдеги документтер алынган" деп билдирген башкы көзөмөл орган.

Мындан тышкары прокуратура адвокаттар Слесарев менен Жоошев суракта көрсөтмө берүүгө келбей, муну соцтармактарда "тартип коргоо органдарынын мыйзамсыз иши" деп коомчулукту алдоого өтүштү деп белгилеген. "Күбө катары чакырылган адвокаттар Аскер прокуратурасына келип, көрсөтмө берүүгө милдеттүү" деп айтылат маалыматта.

Адвокат Замир Жоошев прокуратуранын чакыруу каты Жазык-процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербегени жана бул иште күбө боло албаганы үчүн суракка барбаганын "Азаттыкка" билдирди:

- Мен Кой-Ташта болгон эмесмин. Айтылып жаткан баштыкта эмне бар экенин да билбейм. Ошондуктан, мен күбө боло албайм. Бирок мен прокуратура билдиргендей, күбө болсом, анда жактоочу боло албай калам. Ошондуктан, көзөмөл органынын бул аракетин мен өзүмдүн адвокаттык ишиме тоскоолдук кылуу катары баалайм.

Замир Жоошев бул маселе боюнча прокуратура кызматкерлери менен чогуу коомчулукка маалымат берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган. Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан.(ZKo)