Чүйдө өрттөн бир үй толугу бойдон күйүп кетти, бир адам ооруканада

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Атада өрт кырсыгынан бир адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 19-августта Интернационал айылында болгон.

Жалпы аянты 48 чарчы метрлик турак үй толугу бойдон күйүп кетти.

Бир адам 3-даражадагы күйүк менен ооруканага жеткирилген. Анын абалын доктурлар туруктуу деп мүнөздөп жатышат.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. (RK)