Батукаев боюнча соттук отурумдар УКМКнын имаратында өтөт

УКМКнын башкы имараты.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурумдар эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтөт. Мындай чечимди 19-декабрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарды.

Батукаевдин иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 19-декабрда сотко алып келинген жок. Прокурорлор Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун берген. Сот бул сунушту канааттандырды.

- Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы төмөн болуп жаткандыктан сотко алып келинген жок. Муну убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери туура түшүнүшүүдө. Сот УКМКнын имаратында болгондо деле анын кан басымы төмөн болсо ал жакта да сотко катыша албайт. Мыйзам боюнча соттук териштирүү учурунда сот отурумун башка жерде өткөрүү каралган эмес, - деди Жоошев.

Ал андан тышкары атайын кызматтын имаратына уюк телефон, компьютер алып кирүүгө тыюу салынгандыктан жактоочулук кылууда кыйынчылыктар болорун кошумчалады.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иш ушул жылдын 15-октябрында башталган. Алмазбек Атамбаев иш боюнча баштапкы соттук угууга келүүдөн баш тартып, катышкан эмес. Кийин соттук териштирүүгө да келбей, жактоочулары аркылуу сотту ансыз эле өткөрө берүүгө макул экенин билдирген. Ал сотко бир гана жолу - 29-ноябрда алып келинген.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш боюнча мурдагы баш прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (BTo)