Депутат Чек ара кызматын, Башкы штабды түштүккө көчүрүүнү сунуштады (видео)

Улан Примов.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Мамлекеттик чек ара кызматын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын түштүк аймакка көчүрүүнү сунуштады.

Парламенттин 19-декабрдагы жыйынында ал чек ара жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу маселелер Жалал-Абад, Баткен облустарында көп катталарын мисал кылды.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген. Андан тышкары дагы үч милиция кызматкери жана бир жайкын тургун ар кандай жаракаттары менен ооруканага түшкөн.

Эки өлкөнүн жарандары 18-декабрда эртең менен чырдашып, бири- бирине таш атышкан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

«Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын бийлигине таянуу менен кыргыз айылындагылар эки тажик тараптын эки тургунун урганы үчүн чыр чыкканын жазды. Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Тажикстандын укук коргоо органдары үч тажик жараны жабыркаганын билдирүүдө.

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында кездешти. (BTo)