2020-жылы ЕБ өлкөлөрү 30 миңден ашуун качкын кабыл алат

Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрү 2020-жылы 30 миңден ашуун качкын кабыл алат. Еврокомиссиянын билдирүүсүнө караганда, көчүү программасынын алкагында биринчи кезекте дүйнөдө кризиске туш болгон өлкөлөргө көңүл бурулат.

БУУнун Жогорку комиссарынын качкындар иши боюнча башкармалыгы билдиргендей, программанын алкагында Түркия, Ливан, Иордания, Жер Ортолук деңиз аймагы, Нигер, Руанда мигранттары артыкчылык алат.

Еврокомиссиянын маалыматына караганда, 2015-жылдагы программанын негизинде, Евробиримдик өлкөлөрүнө 65 миңден ашуун бозгун келген. Каржылык колдоо иретинде качкын кабыл алган өлкө ар бир мигрант үчүн ЕБ бюджетинен 10 миң евро алат.

Акыркы жылдары Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Европаны көздөй миңдеген кишилер качып барган. Алардын көбү Жер Ортолук деңизди сүзүп өтүү учурунда мерт болгон. 2019-жылы кечмеликтен өтүп баратып 400 киши, анын ичинде балдар өлгөн.

Евробиримдикке мүчө айрым өлкөлөр качкындарды кабыл алуудан баш тартып келет. Мигранттардын агымынан эң эле көп Германия жабыр тартты. Бирок көчүрүү программасынын алкагында бул өлкө дагы 5 миңге жакын качкын кабыл алууга ниеттенүүдө.