Уран калдыктарын алып келүүгө каршы чыккан эколог кармалды

Санкт-Петербургдагы акция. 17-декабрь 2019-жыл

Санкт-Петербургда шейшемби күнү кечинде "Гринпис" уюмунун Орусиядагы бөлүмүнүн эксперти Рашид Алимовду кармап кетишти.

Уюмдун өкүлдөрү экологду 17-декабрдагы акция үчүн кармашты деп эсептешет. Кийин «жер аянтын ээлеп алуу» тууралуу протокол түзгөндөн кийин Алимовду кое беришти.

Экоактивисттер Германиядан уран калдыктарын алып келүүгө каршы чыгышкан. Уюмдун маалыматына караганда, өзөктүк таштандылар ушул жумада Петербургга кеме менен алынып келет, андан ары поезд менен Свердлов облусуна жөнөтүлмөкчү. Ушу тапта Орусияда 1 миллион 200 миң тонна өзөктүк калдык ачык асман алдында сакталып келет.