Тазабек Икрамов: Түтүндү атайын каптатып жатышат окшойт (видео)

Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 18-декабрдагы жыйынында борбор калаадагы түтүн маселесин көтөрүп, бул боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылды. Ал Бишкек жылуулук электр борбору отундун кандай түрүн, кантип жагып жатканын тактоо керектигин айтып, алар атайылап түтөтүп жаткан болушу мүмкүн деген оюн билдирди.

- Кечээги күндөн баштап, Бишкек шаарын түтүн каптап жатканын көрүп жатасыңар. Мына ушуга протоколдук тапшырма берип, ЖЭБ эмнени жагып жатканын териштирели. Былтыр түтөбөй эле, жакшы эле жашап жатканбыз. Быйыл эмнегедир түтүн каптатып, атайын кылып жаткандай. Ушуну бир текшерели. Ошол жердеги отун жаккандар билет, эмнени жагып, эмне менен уулап жатышканын билишет. Ошону сурак кылалы.

Сессияны алып барып жаткан парламент спикеринин орун басары Аида Касымалиева депутаттын суроосуна жооп берип, тийиштүү комитеттерге тапшырма берилерин айтты.

Парламент 18-декабрда таза сууга байланыштуу бир катар макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлорун карады.

27-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андагы маалыматка ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган. Андан бери атайын сервистик сайттар абадагы ыштын көлөмү бирде азайып, бирде көбөйүп жатканын көрсөтүп жатат. (ErN)