АКШнын Өкүлдөр палатасы импичмент боюнча добуш берет

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президентке импичмент жарыялоо маселесин колго салмакчы. Дональд Трамп "Украинага аскердик жардам берүүнү жеке кызыкчылыгына байлаган жана Конгресстин ишине тоскоолдук түзгөн" деп айыпталууда.

Шейшембиде президент Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосиге кат жолдоп, демократтардын жетекчилигин “америкалык демократияга каршы ачык согуш жүргүзүп жатат” деп күнөөлөдү. Импичмент маселеси козголо баштагандан бери Трамп төңкөрүш аракети көрүлүп жатканын айтып келет.

Спикер мыйзам чыгаруучуларга кайрылып, “Конституцияны коргоо антын аткарууга тийишпиз” деп үндөдү.

Демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы импичмент сунушун жактырса, анадан ары документ Сенатка жөнөтүлмөкчү. Сенат президентти кызматтан четтетип же четтетпөөнү чечет. Байкоочулар импичменттин жактоочулары керектүү сандагы добуш ала алышпайт деп болжолдошот.