УКМКда жоголгону айтылган 200 миң долларды Аскер прокуратурасы иликтейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевдин жактоочусу Март Абдрахманов паранын далили катары алынган 200 миң доллардын кайда экенин териштирүү үчүн Аскер прокуратурасына арыз жазды.

Анын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, арыз 6-декабрда берилип, 12-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

- Райондук сотто 200 миң АКШ долларды көрсөткүлө деп сотко өтүнүч бергенибиз менен аны көрсөтпөй коюшту. Тергөөчү акчаны сотко алып келбегенден кийин ал жоголуп кетиши мүмкүн да. Ошондуктан биз Аскер прокуратурасына арыз жазып, текшерүү иштери башталды. Чалбаевге «200 миң АКШ долларын алган» деп айып коюп жаткандан кийин сотто аны көрсөтүш керек эле да. Далил зат жок болсо анан кантип соттойт?, - деди Абдрахманов.

УКМК 2018-жылы Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштерин жүргүзүп, анда табылган баштыктан 200 миң доллар чыкканын жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Чалбаевди быйыл 19-ноябрда беш жылга кести.

Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев анын уулунун иш бөлмөсүнөн далил зат катары табылган 200 миң доллар жоголуп кеткенин айтып чыккан. УКМК болсо бул маалыматты четке кагып келет.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Акча мамлекетке өткөзүлүп берилет. Каражат тергөөчүдө. Далилдер көрсөтүлмөйүнчө, соттун чечими чыкпайт. Силер муну билесиңер да», - деп билдирген. (BTo)