Түркмөн бийлигин ыза кылган тасма

Америкалык «Netflix» компаниясы 13-декабрдан баштап «Карматпаган алтоо» аттуу тасманы көрсөтө баштады.

Тасма көрсөтүлгөндөн үч күндөн кийин Түркмөнстандагы интернетте көйгөйлөр башталды. Көрсө, америкалыктар ойдон чыгарып тарткан тасма Түркмөнстанга багытталгандай болуп чыккан.

«Карматпаган алтоо» аттуу тасманы Майкл Бэй аттуу режиссер тарткан. Фильм ойдон чыгарылган Тургистан деген өлкөнүн диктатор башкаруучусун кулатуу аракетин чагылдырат.

Тасманын башкы ролдорун Голливуд жылдыздары Райан Рейнольдс (Ryan Reynolds) жана Мелани Лоран аткарган. Фантастикалык жанрдагы тасманын айрым жерлери Түркмөнстанга окшош болуп чыккан.

Тасмада америкалык миллиардер бийликке каршы көтөрүлгөн элди басып, куугунтуктаган Тургистандын бийлигин өз алдынча жазаламакчы болот. Ал үчүн бири-бирин номер менен гана тааныган жалданма башкесерлердин тобун чогултат. Бул топ алгач Тургистандын төрт генералынын адвокатын Италияда өлтүрөт. Андан соң Тургистандын диктатор башкаруучусу Ровак Алимовду тактан кулатып, ордуна иниси Мурад Алимовдун бийликке келишине жардам берүүгө киришет. Бирок тасмадагы Ровак аттуу диктатор Түркмөнстанда Ровач болуп жазылат. Ровач - түркмөндөрдө эркек кишинин аты. Баса Түркмөнстандын азыркы президентинин күлүгүнүн аты да Ровач.

Ойдон чыгарылган Тургистандын эли да түркмөн тилинде сүйлөшөт. Кинодогу өлкөнүн акча бирдиги да Түркмөнстандагыдай эле манат деп аталат. Андан сырткары тасмада Түркмөнстандын мамлекеттик расмий белгилери да маал-маалы менен көзгө урунуп турат. Мисалы, ойдон чыгарылган Тургистандын президенти сөз арасында түркмөнчө сүйлөп жиберет.

Тасманын 98-мүнөтүндө сегиз бурчтуу фигура жана анын астында «Узак жаша, Ровач Алимов!» деген түркмөнчө жазуу көрүнөт. Ага жакын жерде «Polisiýa» деген жазуу көзгө урунат. Түркмөнстанда да полиция деген сөз кудум ошол кинодогудай жазылат.

Бирок тасмада Түркмөнстанга такыр байланышы жок картиналар да орун алган. Мисалы, согуш, кан төгүү, качкындар жана качкындар лагерлери. Андан сырткары бул фильм Түркмөнстандын чыныгы саясий жашоосун да чагылдырган эмес.

Авторлор бул тасма аркылуу Түркмөнстандагы саясий режимге дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууну каалаганбы же бул жөн гана дал келүүбү - бул суроолор азырынча жоопсуз.

Ал арада Түркмөнстанда «Netflix» сайты иштебей калды. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысынын маалыматына караганда 16-декабрдан бери Түркмөнстанда «Google Play» издөө системасы да иштебей калган.

«Карматпаган алтоо» тасмасы Венгрияда, Италияда, Араб Эмирликтеринде жана АКШда тартылган. Бул тасманы тартууга 150 миллион доллар сарпталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​