Ирандын президенти Токиого барганы жатат

Ирандын президенти Малайзия жана Жапония сапарына аттанууда. Тегеран, 17-декабрь 2019-жыл

Ирандын президенти Хасан Роухани ушул жумада Жапонияга эки күндүк сапарга барганы жатат. 20-декабрда Роухани Токиодо премьер-министр Синзо Абе менен жолугушмакчы. Бул тууралуу шейшембиде жапон кабинетинин расмий өкүлү Йошихиде Суго билдирди.

Дээрлик 20 жылдан бери Ирандын бир да лидери Жапонияга бара элек болчу.

Бул визит Токионун өнөктөшү Вашингтон менен Тегеран ортосундагы мамилелер чыңалып турган маалга туура келүүдө. Мамилелер АКШ президенти Дональд Трамп 2015-жылкы эл аралык ядролук келишимден чыгып кеткенден кийин ого бетер курчуду.

Өткөн июнда Абе 40 жылдан ашуун убакыттан бери алгачкы жетекчи катары Иранга барган.

Жапон өкмөтү кемелердин коопсуздугун камсыздоого жардам иретинде Жакынкы Чыгышка деңиз аскерлерин жайгаштыруу планын бүткөрүү алдында турат. Бирок жапон маалымат каражаттарынын жазышканына караганда, өлкө АКШ баштаган коалициянын Ормуз кысыгындагы миссиясына катышпайт.

Ирандын расмий адамдары чет өлкөлүк күчтөрдүн региондо жайгашышы мунай ташууну кооптуу абалга кептейт деп келатышат.