Баткенде облус аймагындагы тоо кен ишканаларындагы коопсуздук маселелерин караган жыйын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун жетекчилиги менен өттү.
Жыйынга район жана шаар, айыл өкмөт башчылары, Экотехинспекциянын өкүлдөрү катышты.
Талкуу учурунда акыркы мезгилде тоо кен казуу ишканаларында техникалык коопсуздук сакталбагандыктан адам өмүрүн алган кырсыктар болуп жатканы айтылды.
Тиешелүү органдар жеке менчик ишканаларын текшерүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин белгилешти.
Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экендиги айтылып, сунуш даярдоо жана тиешелүү жактарга жолдоо, анын ишке ашуусуна жетишүү маселелери каралды.
Быйыл 10-декабрда “Ормон” көмүр шахтасында төрт адам газга ууланып каза болсо, быйыл жалпы Баткен облусунда 12 адам көмүр шахтасында каза болгон. (JsA)