Жалал-Абад мэриясы жаңы жылдык жасалгалоого миллион сом жумшады

Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтына орнотулган балаты. 16-декабрь 2019-жыл.

Шаар бийлиги жаңы жылдык жасалгалоолорго 1 миллион сомдон ашык каражат жумшады. Ал каражат майрамга карата көчөлөрдү кооздоого, балатыны жасалгалоого кеткенин шаар бийлиги билдирди.

16-декабрдын түнүндө калаанын борбордук Эркиндик аянтына орнотулган бийиктиги 28 метр балатынын оту жандырылды.

Былтыр жаңы жылга карата шаар бийлиги 2,3 млн. сом короткон. Анын 1,5 миллион сомуна жаңы балаты жасалып, калган каражатка көчөлөр кооздолгон.

Былтыр өлкөдөгү эң бийик жаңы жылдык балаты Жалал-Абад шаарында орнотулган.

10-декабрда болсо Бишкек шаарынын борбордук аянтында өлкөнүн башкы балатысы жандырылган. 25 метрдик балатыны кооздоого жана жаңы жылдык майрамдарга карата Бишкек мэриясы 6.5 миллион сом каражат бөлгөн. (RsK)