Украинанын президенти Владимир Зеленский бийликти борбордон оолактатуу (децентрализация), анын ичинде өлкөнү административдик-аймактык жактан кайра бөлүштүрүү жөнүндө мыйзамды парламенттин кароосуна сунуштады.
Зеленский үч деңгээлден – жамаат, округ жана облустан турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын түзүү демилгесин көтөрдү. Долбоордо Крым өзүнчө автоном республика катары аталган. Өз алдынча республика катары жарыялап алган Донбасстын макамы тууралуу сөз жок.
Мындан тышкары Украинада префект жаңы кызматы пайда болот. Ал мамлекеттин округ, облус жана Киевдеги таламдарын жактайт. Префект Конституциянын жана мыйзамдардын жер-жерлерде аткарылышын көзөмөлдөйт. Префекттерди үч жылга өкмөттүн сунушу менен президент дайындайт.
Зеленскийдин бул документи өзгөчө макамга ээ болгондуктан парламенттин комитеттери жана комиссиялары аны биринчи кезекте карап, жалпы добуш берүүгө жөнөтүшү керек.