Индияда "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы акциялар уланууда

"Жарандык жөнүндө" жаңы мыйзамга каршы акция. Дели, 15-декабрь, 2019-жыл

Индияда "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы нааразылык акциялар беш күндөн бери уланууда. 16-декабрда Нью-Делиде полиция демонстранттарды кууп таратуу үчүн кайрадан көздөн жаш чыгарчу газ колдонду. Бир нече демонстрант кармалганы кабарланды. Акциялардын алгачкы күнүндө эле кеминде беш адам каза тапкан. Айрым аймактарда интернет байланышы үзгүлтүккө учурады.

Жаңы мыйзамга ылайык, Ооганстан, Бангладеш жана Пакистандан качып келген мусулман эмес адамдарга Индиянын жарандыгы жеңилдетилген шартта берилет.

Нааразылыкка чыккандардын бир бөлүгү бул мыйзам мусулмандардын укугун чектеп, аларды обочодо калтырып коёт деп эсептейт. Ал эми бир тарабы документ миграциянын агымын күчөтөт деп нааразы болуп жатышат.

Индияда 200 миллионго чукул адам ислам динин карманат. Оппоненттер бул мыйзамды премьер-министр Нарендра Модинин хинду улутундагыларга артыкчылык берген саясатынын бир бөлүгү катары эсептешет. Бирок Модинин «Бхаратия Жаната» партиясы бул документ диний куугунтуктан качкандарга гана башкалка берүүнү көздөрүн билдирип жатат.