Казакстан: Эгемендик майрамы митингдер менен коштолууда

Алматыдагы акция. 16-декабрь 2019-жыл

Казакстанда Эгемендик күнү белгиленип жатат. Нур-Султан жана Алматы шаарларында оппозиция жана жарандык коомдун активисттери акцияларга чыгып, саясий туткундарды бошотууну, адам укуктарын коргоону талап кылышты.

Митингге чыккандар 1986-жылкы Желтоксон окуяларынын жана 2011-жылы Жаңы-Өзөндө болгон кан төгүүнүн курмандыктарын эскеришти. Башкалаада чогулгандардын айрымдары “Унутпайбыз! Кечирбейбиз!” деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Акция болгон жерди полиция курчоого алды. Жергиликтүү бийлик өкүлү жыйын уруксатсыз өтүп жатканын айтып, элди тарап кетүүгө чакырды.

Алматыда «Ойгон, Казакстан» жарандык кыймылынын санкцияланбаган митинги өттү. Жаштар “Парламенттик жумурият үчүн!”, “Назарбаевсиз Казакстан!”, “Чал, кет” деп кыйкырып турушту. Митингге чыккандар демократиялык реформаларга үндөштү.

33 жыл мурун Алматыда жаштар Советтик Казакстандын башына Кремль дайындаган Геннадий Колбиндин келишине каршы чыгышкан. 2011-жылы болсо Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын көтөрүлүшү күч менен басылганда расмий маалымат боюнча 17 киши өлгөн.

Митингдердин алдында ондогон активисттер кармалды.