АКШ Ооганстандагы жоокерлеринин санын азайтышы мүмкүн

АКШнын Ооганстандагы аскерлери

CNN телеканалы Америка Кошмо Штаттары жакын арада Ооганстандагы аскерлеринин үчтөн бирин чыгарып кетиши мүмкүндүгүн кабарлады.

АКШдагы кабелдик телеканалдар тармагы Ак үйдүн жогорку аткаминерине таянып, президент Дональд Трамптын администрациясы келерки аптада бул жөнүндө билдирүү жасай турганын билдирди. Кабарга ылайык, жоокерлердин саны 4 миңге чейин кыскарышы ыктымал.

2001-жылдан бери Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышып келаткан америкалык аскерлердин саны учурда 13 миңге жакын. Быйыл августта Трамп бул санды 8600гө чейин кыскартарын жарыялаган. (ErN)