АКШнын мамкатчысынын жардамчысы үч медиага коюлган доо тууралуу комментарий берди

Коллаж.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элис Уэллс "Твиттерге" бир тууган Матраимовдордун «Азаттык» радиосуна, "Kloop" жана "24.kg" басылмаларына карата ири суммада койгон доолоруна байланыштуу комментарий калтырды.

“Эркин маалымат каражаты демократиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ошондуктан биз Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин, Конституцияда көрсөтүлгөндөй колдоого алууга чакырабыз”, - деп келтирет бюро Элис Уэллстин сөзүн.

Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюро социалдык тармактардагы баракчасында, үч медианын банктык эсептери камактан чыгарылганын колдоду.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген. Муну "24.kg" басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган.

Иликтөөлөрдө көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Анда бул иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка алууга аныктама берген. Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди камактан чыгарган. (ErN)