Матраимовдордун адвокаты доо арыз боюнча түшүндүрмө берди

Татьяна Карыжинская.

Кыргызстандагы үч басылманы сотко берген Матраимовдордун жактоочусу Татьяна Карыжинская Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, доо арыз жөнүндө маалымат берди. Карыжинская журналисттердин биринчи иликтөөсүнөн кийин Матраимовдор маселени медиация жолу менен чечүүгө аракет кылганын айтууда.

- Биз бул суроону медиация жолу менен чечүүгө аракет кылдык. Арыз менен бир нече уюмга, жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды териштирген комиссияга бир нече жолу арыз менен кайрылганбыз. Ошондой эле арыз менен «Азаттык» радиосунун жогорку жетекчилерине кайрылганбыз. Кандайдыр бир чара көрүп, тийиштүү документтери жок эле жаманатты кылган маалыматтарды таратууну токтотуу тууралуу өтүнүч менен кайрылганбыз. Бирок жаманатты кылууну токтотуунун ордуна экинчи иликтөө чыгып, ачык формада эле бардык үй-бүлө мүчөлөрүн көмүскө кирешеге катышкан деп күнөөлөп, Матраимовду коррупциянын символу катары көрсөтүп жатышат. Чыдамдын да чеги болот. Бул суроону укуктук талаада чечиш үчүн кадыр-баркын коргоо жана маалыматтын чындыкка дал келбей тургандыгын аныкташ үчүн доо арыз берилди.

Карыжинская моралдык чыгымдын өлчөмү туурасында буларды билдирди:

- Баардыгы моралдык кенемте катары талап кылынган сумманын өлчөмүнө нааразы болуп атат. Эгерде Матраимовду коррупциянын символу кылып, анын үй-бүлө мүчөлөрүн бардык республиканы уурдап алгандай жаман көрсөтүп жатса, силер моралдык доону кандай баалайт элеңер?

Жактоочу моралдык чыгымдын суммасы, иликтөөдөгү кайсы сөздөр, сүйлөмдөр Матраимовдордун кадыр-баркына шек келтирери, Дубайдагы мүлктүн төркүнү тууралуу журналисттердин суроолоруна толук жооп сотто берилерин билдирди.

Бишкектин Свердлов райондук сотуна үч медиага каршы доо арыз жазган Матраимовдордун жактоочусу жаңы арыз бергени кабарланды. Өздүк булактардын маалыматына караганда адвокат «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген. Тактап айтканда, арыз банк эсептери жөнүндө болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи. Бул арыз бүгүн, 13-декабрда 16:00дө каралышы мүмкүн. Эгерде сот жактоочунун арызын канааттандырса, чечим он күндүн ичинде күчүнө кирет.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген.

Парламенттын айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген. Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген. (TSh)