ИИМ: Ниязбеков Атамбаевге таандык мылтыктан атылган

Алмазбек Атамбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков «Карабин СВД» куралынан атылган октон курман болгон. Бул боюнча тийиштүү баллистикалык экспертиза чыкканын ички иштер министринин орун басары Памир Асанов Жогорку Кеңештин 12-декабрдагы жыйынында билдирди.

- Баллистикалык экспертиза чыкты. Бул экспертиза боюнча видеотасмада Курсан Асанов кармап турган «Карабин СВД» куралынан ок атылган.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып «маркум Ниязбековду өлүмгө алып келген ок Атамбаевдин СВД снайпердик винтовкасынан чыккан. Тергөөнүн негизинде аны ким атканы такталган. Бирок тергөө үчүн айта албайбыз» деди Жунушалиев.

Мунун алдында комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров Атамбаев жана анын тарапташтары Кой-Таштагы үйүнүн 3-кабатынан «Альфанын» кызматкерлерине ок атышканын, андан үч кызматкерге ок тийип, анын ичинде Ниязбеков каза болгонун билдирген. (BTo)