Казак президенти Назарбаевдин аялына сыйлык ыйгарды

Нурсултан Назарбаев жана Сара Назарбаева. 2005-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жубайына мамлекеттик сыйлык ыйгарды.

12-декабрда расмий маалымдалгандай, башкалар менен катар «Бөбөк» балдар фондунун президенти Сара Назарбаева биринчи даражадагы «Барыс» ордени менен сыйланат.

Мурдагы биринчи айым акыркы жылдары коомчулукка көп көрүнбөй, Назарбаевди чет өлкөлөрдөгү сапарларында коштоп жүрбөй калган.

Казакстанды 30 жылдай башкарган Нурсултан Назарбаев быйыл мартта президенттиктен кеткенин жарыялаган.

Президенттик администрация ошондой эле ишкерлер, күч түзүмүнүн кызматкерлери, илим жана маданият ишмерлери баштаган ондогон адамдарга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылганын кошумчалайт. Алардын арасында белгилүү ырчы Димаш Кудайберген да бар.

Сыйлык качан тапшырылары так көрсөтүлгөн эмес.