Жолдубаева: Атамбаевдин пенсиясы тууралуу маалымат так эмес

Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пенсия ала элек экенин аны колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрага орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал «Фейсбукка»: «Соцфонд башчысынын мурдагы президенттин пенсиясына байланыштуу билдирүүсү ар кандай суроо жаратууда. Атамбаев 2019-жылдын 17-сентябрында пенсия курагына толду. Азыркыга чейин 100 миң сом пенсия ала элек. Мамлекеттик мекемелерден коомчулуктун башын айлантпоону суранабыз», деп жазды.

12-декабрда Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев Бишкектеги басма сөз жыйынында Атамбаевге 100 миң сомдон ашуун пенсия чегерилерин айтканын айрым маалымат булактары жазышкан. Бирок ал пенсияны алып жатканы тууралуу айтылган эмес.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев быйыл август айында кармалып, УКМКнын абагына камалган. Ал «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда. Өзү бул айыптоону негизсиз деп эсептейт.