Өкүлдөр Палатасынын Юридикалык комитети 11-декабрда президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча ишти карай баштайт.
АКШнын Өкүлдөр Палатасындагы демократтар президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянынын алкагында ага эки айып коюшту. Анда Кошмо Штаттардын 45-президенти «кызмат абалынан кыянат пайдаланды» жана «Конгресстин иликтөө ишине тоскоолдук кылды» деп күнөөлөнүп жатат.
Бул тууралуу 10-декабрда Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси билдирди. Дональд Трампка «өлкөнүн улуттук коопсуздугуна шек келтирди» жана «алдыдагы президенттик шайлоонун ачык-айкындыгына коркунуч жаратты» деген доомат да айтылды.
Нэнси Пелоси импичмент маселесинде конгрессмендердин башкы максаты өлкөнүн Баш мыйзамын сактоо экенин белгиледи жана Трампка айып коюлган маалды салтанаттуу күн катары мүнөздөдү.
Дональд Трамп демократтардын дооматына дароо жооп кайтарды. Ал 10-декабрда Пенсильвания штатында тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, анын аракеттери кылмышка кирбей турганын айтты.
- Бирок бул ишке ашпайт. Силер импичменттин алкагында айтылган айыптарды көрдүңөрбү? Адамдар аны «кылмыш деле эмес» деп жатышат. Эмне болду? Ошондой тири шумдук нерселердин баары эсиңердеби? Паракорлук жана башка дегендер кайда? Алар эми айып коюшту, ал кылмыш эмес. Бул эң алсыз импичмент, - деди Дональд Трамп.
АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин быйыл 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган.
Атайын кызматтагы булак анда «Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган» деп маалымат берген.
Жо Байден - 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болушу ыктымал экени айтылган саясатчылардын бири.