Президент Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти

Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында кыргыз мамлекетинин башчысы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭнин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахая менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты талкуулайт. Ошондой эле Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.

Жээнбеков бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар менен жолугат.

Президент баштаган делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Зарылбек Рысалиев, Нурбек Алимбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Улугбек Ормонов, Эмил Токтошев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жана экономика министри Санжар Муканбетов бар. (BkA)