Салянованын соту 12-декабрда уланмай болду

Аида Салянова.

Жогорку сотто Аида Салянованын лицензия боюнча ишин кароо 12-декабрда уланмай болду. Бүгүн адвокат Рабига Сыдыкова башка сот отурумуна жөнөп жатканына байланыштуу ишти кароону бөлөк күнгө которууну суранды. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.

Адвокат өз сөзүндө Салянова лицензиянын мөөнөтүн узартууда кылмыш кылбаганын айтты.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

Чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Салянова өзү бул иште эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. (RK)