АКШ: КМШда өзбек жарандарынын виза тууралуу арызы эң көп четке кагылат

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти иммиграциялык эмес виза берүү четке кагылган учурлардын соңку көрсөткүчүн жарыялады. Ал категорияга туристтик жана бизнес сапарлар үчүн визалар кирет.

Статистикага ылайык, мурдагы СССРди алганда, АКШнын бийлиги виза берүүдөн баш тарткан учурлардын эң көбү Өзбекстандын жарандарына туура келет. Тактап айтканда, быйыл элчиликке кайрылгандардын 68,06% виза ала албай калган. Былтыркыдан бул көрсөткүч 6% өскөн.

Экинчи орунда Кыргызстан турат. Жыл башынан бери арыздардын 67,75% четке кагылган. 2018-жылга караганда андай учурлар дээрлик 9% өскөн.

Үчүнчү орунда Грузия, андан кийин Тажикстан, Молдова турат. Кошуна Казакстанда 39,38% учурда виза берилген эмес.

АКШ бийлиги виза эмне үчүн берилбегенин түшүндүрбөйт. Бирок адатта бул мыйзамсыз жүргөн адамдардын көптүгүнө, ошондой эле туура эмес толтурулган документтерге же документтердин толук берилбегенине байланыштуу болот.