«Kyrgyztoday.kg» басылмасы Биринчи май райондук сотунун Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун пайдасына чыгарган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданды. Бул тууралуу «Азаттыкка» сайттын түзүүчүсү Бегалы Наргозуев билдирди.
Келдибеков «Kyrgyztoday.kg» сайтын 2018-жылдын декабрында сотко берген. Ар-намысына шек келтирилгенин айткан саясатчы Келдибеков басылмадан 1 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон суранган. 2019-жылдын октябрь айында Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун кызыкчылыгына 30 миң сом өндүрүп алуу жөнүндө чечимин чыгарган. Буга чейин Келдибековдун басма сөз катчысы Алтынай Ормотоева сот туура чечим кабыл алганын белгилеп, «Kyrgyztoday.kg» басылмасы Акматбек Келдибековдун ар-намысына шек келтирген маалымат сотто төгүндөлгөнүн билдирген.
Ал эми «Kyrgyztoday.kg» сайтынын негиздөөчүсү Бегалы Наргозуев басылма Келдибековду «коррупция үчүн айыпталган» деп жазганын, соттун чечими туура эмес болгонун айтып келет. (TSh)