Иран президенти «санкцияларга каршы бюджетти» сунуш кылды

Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани «санкцияларга каршы бюджетти» парламентке сунуш кылды. Анда негизги каржы булагы катары Орусиядан алынган 5 миллиард доллар насыя болушу мүмкүн. Перс жыл санагы боюнча 2020-жылдын март айынан башталчу бюджет АКШ салган санкциялардын жана акыркы мезгилдеги башаламандыктын кесепетин жоюш үчүн көп аракетти талап кылат. Роухани «сунуш кылынган бюджет мунайдан көз карандылыкты азайтууга багытталган» деп атады.

- Былтыркы бюджет - быйылкыдай эле санкцияларга каршы туруунун жана өжөрлүктүн бюджети, - деди Ирандын президенти.

АКШнын өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыгып, Иранга санкцияларды салышы бул өлкөнүн экономикасына катуу таасирин тийгизди. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) быйыл Ирандын экономикасы 10% азайышы мүмкүн деген божомолун чыгарды. Дал ушундай шартта Тегеран кантип мамлекеттик кызматкерлердин маянасын 15% көтөрүүгө убада бергени түшүнүксүз болуп жаткан. Бирок Ирандын президенти Орусиядан 5 миллиард доллар насыя алып жатканын кабарлаган. Муну Кремль да ырастап, Ирандын бийлиги буга чейин сүйлөшүлгөн 5 миллиард долларга кошумча 2 миллиард доллар сурап жатканын билдирген. Бул каражат Ирандын энергетикалык жана инфратүзүмдүк долбоорлорун каржылоого жумшалары айтылды.