ФИФА Кыргызстанга эскертүү берди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Кыргызстан-Мьянма курама командаларынын беттешинде күйөрмандын футбол талаасына чуркап чыкканы үчүн Кыргызстандын Футбол федерациясына эскертүү берди.

Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ФИФАнын Дисциплинардык комитети оюн талаасында орун алган окуяны карап, мындан аркы оюндарда мындай тартипcиздикти кайталабоо шарты менен кат жүзүндө эскертүү жасады.

Федерация буга чейин күйөрмандын кылыгы үчүн акчалай айып салынып же алдыдагы беттештер күйөрмансыз өтүшү мүмкүн экенин билдирген.

Кыргызстандын Футбол федерациясы жазанын жеңил болушуна оюнду уюштуруу боюнча оң баа берилиши, коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү жана ФФКРдин жазаны жеңилдетүү боюнча кайрылуусу себеп болду деп түшүндүрдү.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан жана Мьянма курама командаларынын беттеши 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн. Анын жүрүшүндө жергиликтүү күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыккан.(BkA)