Энергохолдинг: Электр энергиясы өчүрүлбөйт

Айтмамат Назаров.

Быйыл кышта Кыргызстанда электр энергиясы атайылап өчүрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге маалымат берип жатып «Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди:

- Техника деген техника. Кайсы маалда кай жерден өчүп каларын, өчпөйт деп айтыш кыйын. Шамал болуп, эки зым бири-бирине тийип калса да өчүшү мүмкүн. Биз ошону бат калыбына келтирип, тейлешибиз керек. Бирок мурдагыдай «электр энергиясы жетпей жатат» деп атайылап кезеги менен өчүрбөйбүз.

Ошону менен катар Назаров быйылкы жылуулук берүү сезонунда Казакстандан электр энергиясын сатып алуу ыктымалдыгы бар экенин кошумчалады.

5-декабрда Жогорку Кеңеште өлкөнүн энергетика тармагындагы абалга баа бериш үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай демилгени депутат Өмүрбек Бакиров көтөрүп чыкты. Комиссиянын курамына 11 депутат кирди.

Ал бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын иши, электр энергиясын жоготуунун көлөмү, дебитордук карыз, коррупциялык схемалардын таасири, электр энергиясын эсептөөдө автоматташтырылган ыкманы колдонуу маселелерин карап чыгат.

Кыргызстандын энергетика тармагында 16,5 миң киши иштейт. (AiN)