АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер жөнөтүүнү караштырууда

АКШ жана анын Перс булуңундагы өнөктөштөрүнүн деңиз флотторунун машыгуусу. Кошмо Штаттардын флоту 2019-жылдын 4-ноябрында тараткан сүрөт.

Кошмо Штаттар Ирандын болжолдуу аракеттерине каршы туруш үчүн Жакынкы Чыгышка бир нече миңдей кошумча аскер жөнөтөт.

Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин орун басары Жон Руд 5-декабрда Конгрессте билдирип, Вашингтон «Ирандын аракеттерине тынчсыздануу менен көз салып турганын» белгиледи.

Бирок ал канча кошумча аскер жөнүндө сөз болуп жатканын так айткан жок. Ошол эле учурда «The Wall Street Journal» басылмасынын «Пентагон чөлкөмгө 14 миңдей кошумча жоокер жөнөтүүнү караштырып жатат» деген маалыматын четке какты.

Америкалык басылмалар кырдаалдан кабары бар расмий өкүлгө шилтеме кылып билдиришкендей, Жакынкы Чыгышка 5-7 миңдей аскер жөнөтүлүшү мүмкүн. Ал расмий өкүл кошумча күчтөр качан же так кайсы аймакка жөнөтүлөрүн тактаган жок.

«Reuters» маалымат агенттиги жазгандай, соңку айда Тегеран аскердик күчтөрүнүн жана техникасынын ордун которуп жатканын чалгын кызматтарынын маалыматы көрсөттү.

АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден 2018-жылдын май айында чыгып кеткенден бери Вашингтон менен Тегерандын алакасы чыңалып турат. Кошмо Штаттар быйыл жаз, жай айларында Перс булуңдагы мунай танкерлерине коюлган чабуул боюнча Иранды айыптап келет. Тегеран мындай дооматтарды четке кагууда.