Бишкекте өтүп жаткан феминнале иш-чарасындагы айрым экспонаттар боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.
Депутат Курманкул Зулушев күч органдары ал көргөзмөдө экспонат катары жылаңач аял чыкканы үчүн жоопкерчилик каралышы керек деп эсептейт.
- Жылаңачтанып басуу – аял үчүн абийирин ачып көрсөтүү. Биз бала кезден баарыбыз билебиз – аял киши жылаңач басмак түгүл ич кийимин көрүүнө жайган эмес. Демек, коомчулук дүрбөлөң түшкөнүнө маани беришибиз керек. Биздин укук коргоо органдары буга кандай мыйзамдуу баа берип жатат? Мыйзамдуу баасын алышыбыз керек. Тартип бузуу кодекси менен жоопко тартып жатабы же Жоруктар кодекси мененби? Бизге жооп берсин.
Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укугун коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири - денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.
2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.
Феминналенин уюштуруучулары аялдардын укугун коргоо, көйгөйдү түрдүү экспонаттар аркылуу чагылдыруу максаты гана болгонун айтып жатышат.
Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлөлүк чыр-чатак ар бир үчүнчү үйдө кездешерин белгилешип, андан айрыкча аялдар, балдар жабыр тартарын айтып келишет. Соңку жылдардагы маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын 95% аялдар. (RK)