Кожошев Каржылык көзөмөл кызматына жетекчи болду

Арзыбек Кожошев. Архивдик сүрөт.

Арзыбек Кожошев өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка 4-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул мекемеде жетекчинин орду быйыл жайдан бери бош турган. Мурдагы төрага Санжар Муканбетов экономика министри болуп дайындалган.

Кожошев 2015-2017-жылдары экономика министри болгон. Быйыл жазында Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандан министр болуп дайындалган. (RK)