Жогорку Кеңеш коррупция маселесин талкуулайт

Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы коррупция маселесин талкуулайт. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун айтымында, жемкорлукка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселеси 5-декабрдагы жалпы жыйындын күн тартибине кирди.

«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев «Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугу боюнча өкмөттүк саат же өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуш кылганын, бул кылдат маселе болуп жатканын» эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин, бул кызмат милдетин аткарбай жатканын айтып, анын өкүлдөрүн «кол тийбес кастага айланды» деп сындаган. (RK)